АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2024-жылы 05-апрель №1
«Туруктуу комиссияларды түзүү, төрага, орун басарын жана мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө»
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Мейманбеков Нурбек Мейманбековичтин күн тартибиндеги туруктуу комиссияларды түзүү, төрага, орун басарын жана мүчөлөрүн шайлоо боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялары түзүлсүн жана төрагалары, орун басарлары шайлансын:
-Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагалыгына Эпеев Акылбек Молдожумаевич, орун басарына Абдылдаев Бердибек Аскаралиевич, мүчөлөрү Асыйбеков Көчкөнбай Казыбекович, Бозжигит уулу Улукбек, Кулубаева Майрамбү Жамшитбековна шайлансын
-Жергиликтүу өз алдынча башкарууну өнүктүрүү , жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагалыгына Манапбаева Кардыгач Медеткановна, орун басарына Маленкулова Анаркан Слановна, мүчөлөрү Үркүнчиева Гулнара Үсөналиевна, Айдаралиева Айчүрөк Раякуновна, Турапбаев Мирбек Абакирович шайлансын.
- Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш туруктуу комиссиясынын төрагалыгына Иманбек уулу Эрболот, орун басарына Өмүрбек уулу Таалайбек, мүчөлөрү Кураналиева Бүбүсара Кубаталиевна, Ботоканова Гүлбахира Султанбековна, Байбекова Анара Кадырбаевна шайлансын
- Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча комиссиясынын төрагалыгына Топоев Сталбек Медетбекович, орун басарына Нурманбетов Эрнис Жылкайдарович, мүчөлөрү Ашырбеков Искендер Акенович, Өмүров Абазбек Бекташович, Асанова Гүлмира Айылчиевна шайлансын.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап юридикалык күчкө ээ болот.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өз жоопкерчилигиме калтырам.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Н.Т. Жээнбаев |