Редакцияот 30.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК ПОЛОТХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылышынын кезексиз отуз экинчи сессиясы

 

2023-жылдын 30-ноябры № 100

Исхак-Полотхан  айыл аймагынын Ирилеш, Ак-Өргө, Таш-Дөбө айылдарынын ички жолдорун асфальттоо иштерине айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым кошуу жөнүндө

Исхак-Полотхан айыл аймагынын  социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында демилгечи топтор аркылуу Кыргыз Республикасынын каржы  министрлигинин үлүштүк дем берүүчү грантына даярдалган долбоорлорду ишке ашыруу максатында Исхак-Полотхан  айылдык кеңешининкезексиз отуз экинчи сессиясына сунушталган маселелерди талкуулап чыгып, Исхак-Полотхан  айылдык  кеңеши токтом кылат:

1.Исхак-Полотхан айыл аймагынын Таш-Дөбө айылындагы А.Юлдашев көчөсүнөн 500 метр, Ак-Өргө айылынын А.Турдалиев көчөсүнөн 500 метр,  Ирилеш айылынын Токтогул көчөсүнөн 500 метр жолун асфальттоо үчүн түзүлгөн долбоорду дем берүүчү гранттын эсебинен ишке  ашыруу үчүн  Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен өздүк салым катары :

- Таш-Дөбө айылындагы А.Юлдашев көчөсүнө 646 110 сом;

-Ак-Өргө айылынын А.Турдалиев көчөсүнө 763 400 сом;

-Ирилеш айылынын Токтогул көчөсүнө 752 669 сом    сом  ажыратылсын.   

 

2.Токтомду мыйзамда белгиленген тартипте аткарууга алуу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

 3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.

 

4.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин  талаптарына ылайык  ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы О.Шакировго милдеттендирилсин.

Төрага

З. Ы. Кожонов