| (Корул айылдык кеңешинин 2021-жылдын 12-майындагы № 1/4 токтомуна ылайык) |
Корул айылдык Кеңешинин 7-чакырылыштагы депутаттарынын төрагасын
шайлоого жашыруун добуш берүүнү өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын
№1 ПРОТОКОЛУ
Тогуз-Булак айылы | 12-май 2021-жыл. |
Комиссиянын отурумуна эсептөө комиссиясынын төмөнкү мүчөлөрү катышты
1.Орозалиев Акмөндүр;
2.Алмазбек уулу Бекмырза;
3.Караева Токтокан.
Күн тартибинде:
1. Эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, эсептөө комиссиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын төрагасы болуп, Орозалиев Акмөндүр шайлансын.
2. Эсептөө комиссиясынын катчысы болуп Алмазбек уулу Бекмырза шайлансын.
3. Ушул эсептөө комиссиясынын №1 протоколун бекитип берүү жагы, Корул айылдык Кеңешинин сессиясынан суралсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: |
Орозалиев А. |
| (Корул айылдык кеңешинин 2021-жылдын 12-майындагы № 1/4 токтомуна ылайык) |
Корул айылдык Кеңешинин 7-чакырылыштагы депутаттарынын төрагасын
шайлоодо жашыруун добуш берүүнү өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын
№2 ПРОТОКОЛУ
Тогуз-Булак айылы | 12-май 2021-жыл. |
Комиссиянын отурумунда эсептөө комиссиясынын төмөнкү мүчөлөрү катышты.
1. Орозалиев Акмөндүр;
2. Алмазбек уулу Бекмырза;
3. Караева Токтокан.
Күн тартибинде:
1. Корул айылдык Кеңешинин 7-чакырылыштагы депутаттарынын төрагасынын талапкерлерине добуш берүүнү өткөрүү боюнча добуш берүү бюллетенинин формасын бекитүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, эсептөө комиссиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айылдык Кеңешинин 7-чакырылыштагы депутаттарынын төрагасынын талапкелерине добуш берүүнү өткөрүү боюнча жашыруун добуш берүү бюллетенинин формасы бекитилсин.
2. Бул эсептөө комиссиянын №2 протоколун бекитип берүү жагы Корул айылдык Кеңешинин сессиясынан суралсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: |
Орозалиев А. |
| (Корул айылдык кеңешинин 2021-жылдын 12-майындагы № 1/4 токтомуна ылайык) |
Корул айылдык Кеңешинин 7-чакырылыштагы депутаттарынын төрагасын шайлоо
боюнча эсептөө комиссиясынын
ПРОТОКОЛУ №3
Тогуз-Булак айылы | 12-май 2021-жыл. |
Корул айылдык Кеңешинин 7-чакырылыштагы депутаттарынын төрагасын шайлоо боюнча Корул айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүгүнүн 3.1-пунктунун негизинде эсептөө комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында:
Талапкер- Нажимидин уулу Тазабек макул 21, каршы жок, жараксыз бюллетень жок.
2. Талапкерлердин алган добуштары бекитилсин жана Корул айылдык Кеңешинин сессиясына ушул токтомду бекитип берүү жагы сунушталсын.
3. Корул айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүгүнүн 3.1-пунктунун негизинде жалпы депутаттардын катышкандарынын бардык добушун алган депутат Нажимидин уулу Тазабек Корул айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп эсептелсин.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: |
Орозалиев А. |