Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 21-отуруму

2024-жылдын 20-февралы № 21/7

Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо жумуштарына түзөтүү (корректировка) материалдарын карап бекитип берүү жөнүндө

Гүлчө айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 21-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевдин билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү » Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.«Кыргызмамжер долбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы иштеп чыккан Гүлчө айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо жумуштарын түзөтүү (корректировка) материалдары бекитилсин.

2. Гүлчө айыл аймагынын Ленин айыл аймагы жана Коңур-Дөбө айыл аймактары менен болгон чек – араларын кайрадан тактап берүү жагы «Кыргызмамжер долбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынан суралсын.

3. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш-алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Р.Какаровго, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевге милдеттендирилсин.

4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жана жер реформасы жөнүндөгү маселелер, муниципалдык менчик, коммуникация жана жол боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .

Төрага:

К.Исмаилов.