Редакцияот 30.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК ПОЛОТХАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи  чакырылышынын кезексиз отуз экинчи сессиясы

 

2023-жылдын 30-ноябры № 102

              Исхак-Полотхан айыл аймагында жерлердин бир түрүнөн башка категорияга которуу жөнүндө

                  Исхак-Полотхан айыл аймагынын  социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында Исхак-Полотхан айылдык кеңешининкезексиз отуз экинчи сессиясына сунушталган маселелерди талкуулап чыгып, Исхак-Полотхан  айылдык  кеңеши токтом кылат:

1. Исхак-Полотхан айыл аймагынын  Гүлдүрөмө айылынын түштүк тарабынан Исхак-Полотхан Асан уулунун эстелигин тургузуу, музей уюштуруу  жана көктөндүрүү максатында  айыл чарбасына жараксыз таштак жайыттан   0,50 га жер аянтынын  багытын өзгөртүү,  муниципалдык менчикке алуу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө сунушталсы.

 

2.Токтомду аткарууга Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнө (Ж.Дыкановго) милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 4.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин  талаптарына ылайык  ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы О.Шакировго милдеттендирилсин.

Төрага

З. Ы. Кожонов