Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 21-отуруму

2024-жылдын 20-февралы № 21/8

Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевдин Гүлчө айылы райондун борбору болгондугуна байланыштуу Гүлчө айылынын башкы планы үчүн жана башкы пландар үчүн топографиялык негиздерди жасатууга 2,5млн акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлдүртүп берүү жөнүндө

Гүлчө айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 21 -отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевдин билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү » Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айылынын башкы планы үчүн жана башкы пландар үчүн топографиялык негиздерди жасатууга 2,5млн акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын жана каралган акча каражаттарын максаттуу жана мыйзам чегинде чыгымдалышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы С.Исаевге жана ФЭБнүн башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика , бюджет жана инвестицияларга ишкердик кылуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

К.Исмаилов.