АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2024-жылы 05-апрель №2
«Атай айыл аймагында жазгы айдап – себүү , көчүп-конуу, жайыт акысы, корук жана жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштери жөнүндө»
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Жаңыбаев Аскербек Карыпбековичтин “Жазгы айдап – себүү, көчүп-конуу, жайыт акысы, корук жана жашылдандыруу-көрктөндүрү иштери жөнүндө” билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Атай айыл аймагында жазгы айдап- себүү иштери өз убагында колго алынсын жана техниканы пайдаланууда төмөндөгү баалар бекитилсин.
-касилка, жатканын баалары төмөндөгү баада бекитилсин:
- 1 га пресстөөгө: - 18 (Он сегиз) сом май, жиби ичинде
- 1 га жаткага: - 2 200 (Эки миң эки жүз) сом майы ичинде
- 1 га касилка тырмоосу менен: - 2 200 (Эки миң эки жүз) сом майы ичинде;
- Айдоого (80 МТЗ), - 1га 1200 (Бир миң эки жүз) сом акча 25 (Жыйырма беш)литр май;
- Айдоого (899 МТЗ), - 1га: - 1200 (Бир миң эки жүз) сом акча 30 (Отуз) литр май;
-малалоо1 га: - 600 (Алты жүз) сом акча 10 (Он) литр май;
- себүүгө 1 га: - 600 (алты жүз) сом 10 (Он) литр май;
- Борона( мурун айдалган жерди айдоого), 1га : - 600 (Алты жүз) сом, 10 (Он) литр май;
- Борона (жаӊы жерди айдоого), 1га : - 800 (Сегиз жүз) сом, 10 (Он)литр май;
- Чөп тырмоо, 1 га: - 500 (Беш жүз) сом, 5 (беш) литр май;
- жер айдоо, 10 сотых: - 300 (Үч жүз) сом акча, 5 (Беш) литр май;
-жер малалоо, 10 сотых: - 150 (Жүз элүү) сом акча, 5 (Беш) литр май;
2 .Ички жайыттарга көчүү 15-апрелден 25-апрелге чейин, алыскы жайыттарга көчүү 1-июнга чейин, ал эми кайтып келүү 20-сентябрга белгиленсин. Ички жана алыскы жайыттарга көчкөнгө чейин бада уюштурууну мал ээлерине түшүндүрүү жана белгиленген убактан кеч кетсе же эрте келсе мыйзам чегинде административдик чара көрүлөрү бадачыга тааныштыруу менен эскертилсин.
3 Атай айыл аймагында бадачыга мал баккан акысы үчүн төмөндөгүдөй баа бекитилет жана ар бир ашыкча салынган сом үчүн чара көрүлөрү, патент киргизүү жагы каралаары эскертилсин.
- Бир баш бодо малга: - 400 (Төрт жүз) сом;
- Бир баш кой-эчкиге: - 100 (Жүз) сом;
4. Корук иштери боюнча:
- Ак-Талаа участкасында: - 200 (Эки жүз) сом;
- Кара-Булак участкасында: - 900 (Тогуз жүз) сом;
- Ала-Жыгач участкасында: - 500 (Беш жүз) сом;
- Уй-Булак участкасында: - 300 (Үч жүз) сом;
- Көкжар участкасында: - 300 (Үч жүз) сом;
- Казык участкасында: - 300 (Үч жүз) сом;
5. .Айдоо аянттарына түшкөн малды камоодо чыгыш болсо корукчу эмес мал ээси жооптуу экендиги эскертилсин.
6. 2024-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
- Бодого: - 98 (Токсон сегиз) сом;
- Жылкыга: - 98 (Токсон сегиз) сом;
-Жаш бодо малга: - 98 (Токсон сегиз) сом;
- Кой -эчкиге: - 21 (Жыйырма бир) сом;
7 . Погрузчиктин тарифи:
- 1 саатка; -1000 (Миң) сом акча, 20 (Жыйырма) литр соляркасы менен;
- ЗИЛ менен шагыл, топурак жүктө: – 400 (Төрт жүз) сом;
- КАМАЗга шагыл , топурак жүктө: – 800 (Сегиз жүз) сом;
- ХО го шагыл, топурак жүктө: - 1400 (Бир миң төрт жүз) сом;
8. Атай айыл аймагындагы Атай, Карл Маркс айылдарында таза суунун тарифи:
-150 (Жүз элүү) сом;
9 . Атай айыл аймагында жашылдандыруу - көрктөндүрүү иштери колго алынсын, ар бир тургундун үйүнө кирип айлана чөйрөсүн тазалоо, арыктарды чабуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына милдеттендирилсин.
10 Эгер жарандардын өзүнө тийешелүү жери тазаланбаса, арыктары чабылбаса жана таштандылары чыгарылбаса мыйзам чегинде административдик чара көрүлсүн.
11 Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап юридикалык күчкө ээ болот.
12 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Жаңыбаев Аскербек Карыпбековичке жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Н.Т. Жээнбаев |