Редакцияот 18.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 2- кезексиз отуруму

2021-жылдын 18-майы № 2/3

Корул айыл өкмөтүнүн ФПСтин жерлерин ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу ижарага берүү жана баштапкы баасын коюп берүү боюнча

Корул айыл өкмөтүнүн ФПСтин жерлерин ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу,

ижарага берүү үчүн баштапкы баасын коюп берүү боюнча Корул айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ижара мөөнөтү бүткөн (Ортоңку-Карабөктөр жайлоосунун киребериш жери) жерлердин чөп орунду жерлеринин алгачкы баасы 1га 800 (сегиз жүз) сомдон келишим түзүлүп ижарага берилсин.

 

2. Келишимдин негизинде берилген жерлердин ижара акысы ар жылы 10-июнга чейин төлөнбөсө, келишим бузулат.

 

3. Мурдагы мөөнөттө ижара акысын өз убагында төлөбөгөндөр аукционго катыштырылбасын.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышы жер жана агроардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жалпы мүчөлөрүнө, айыл башчыларына жана Корул айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А.Ысаковго милдеттендирилсин.

 

Корул айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Т.Нажимидин уулу