Редакцияот 05.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

 АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 22-отуруму

2024-жылдын 21-февралы № 3

«Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтү»

мекемеси айыл өкмөтүн түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук  режимде  административдик-аймактык  реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук  режимде  жүргүзүлүп   жаткан   административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү  жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Гүлчө  айылдык  кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Будалык айыл өкмөтү» мекемеси жана « Гүлчө » айыл өкмөтү мекемеси бириктирүү жолу менен Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси болуп кайра түзүлсүн.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: «  Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмот Гульчинского айылного аймака"

            Кыскартылган фирмалык аталышы:

- Мамлекеттик тилде: « Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтү» Мекемеси.

- Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмот Гульчинского айылного аймака".

2. « Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин Жобосу бекитилсин.

3.  « Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы , Ош облусу, Алай району, Гүлчө айылы, Алымбек датка-№174 болуп аныкталсын.

4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

5.Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

Төрага:

К.Исмаилов.