Редакцияот 01.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙРЫБАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыш кезексиз он сегизинчи сессиясы

2023-жылдын 1-августу № 100

Кадамжай райондук мамлекеттик администациясы, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу иштери боюнча  мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 01-13/442 катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын финансы Министирлигине караштуу салык кызматынын билдирүүсүндөгү 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү  жергиликтүү кеңештер тарабынан жүзөгө ашырылат деп көрсөтүлгөндүктөн  Салык кодекисинин 3-беренесинин 2- пункутуна ылайык жергиликтүү кеңеш караоо жөнүндө

Салык кодекисинин 3-беренесинин 2- пункутуна ылайык жергиликтүү кеңеш төмөнкүдөй

токтом кылат:

  1. Кадамжай райондук мамлекеттик администациясы, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу иштери боюнча  мамлекеттик агенттиктин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 01-13/442 катында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын финансы Министирлигине караштуу салык кызматынын билдирүүсүндөгү 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк салыгын киргизүү  жергиликтүү кеңештер тарабынан жүзөгө ашырылат деп көрсөтүлгөндүктөн  Салык кодекисинин 3-беренесинин 2- пункутуна ылайык жергиликтүү кеңеш ордунда калтырат.
  1. Айрыбаз айыл аймагында айыл чарба жер салыктарына 1,2 коэффициенти бекитилсин.
  2. Айыл чарбасына арналбаган жерлер үчүн алынуучу салыктар 1,2 коэффициенти бекитилсин.
  3. Таштандыларды чыгаруу салыгы 50 сомго калтырылсын.
  1. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагын карап чыгуу Экономика, финансы, бюджет комиссиясынын төрагасы К.Кааровго милдеттендирилсин.

Төрайым

А.Салиева