АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жылы 18-апрель №7
« Атай айылына балдар ойноочу эс алуучу жай уюштуруу жөнүндө»
Атай айыл аймагынын Атай айылындагы үрөн чарбасынын жер тилкесинен 0,10 га жер аянтын Атай айылына балдар ойноочу эс алуучу жай уюштуруу үчүн бөлүп берүү боюнча Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча башкы адисинин маалыматын угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Атай айылындагы үрөн чарбасынын жер тилкесинен 0,10 га жер аянты Атай айылына балдар ойноочу эс алуучу жай уюштуруу үчүн бөлүнүп берилсин.
- Токтомду аткаруу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча комиссиясынын төрагасы Топоев Сталбек Медетбековичке тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары : |
Н.Мейманбеков |