АЙРЫБАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыш кезексиз он сегизинчи сессиясы
2023-жылдын 1-августу № 103
Айрыбаз айыл Өкмөтүнөн чыккан 18.07.2023-жылдын 01-35/367 буйрукка негиз кылып Достук , Маяк, Көк-Талаа, Айрыбаз. Арпа-Сай жана Пылдырак айылынын башкы планын кеңеште кароо жөнүндө
Айрыбаз айыл Өкмөтүнөн чыккан 18.07.2023-жылдын 01-35/367 буйрукка негиз кылып Достук , Маяк, Көк-Талаа, Айрыбаз, Арпа-Сай жана Пылдырак айылынын башкы планы Кеңеште карап чыгып төмөнкүдөй
токтом кылат:
1. Айрыбаз айыл Өкмөтүнүн Достук, Маяк, Көк-Талаа, Айрыбаз, Арпа-Сай жана Пылдырак айылдарынын башкы планы бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айрыбаз айыл Өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрайым | А.Салиева |