АК-ТАТЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2024-жылдын 17–майы № 22
Ак-Татыр айыл аймагынын Ак-Татыр, Орто-Боз айылдарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан проектисин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктунун 4-5-пунктчаларына ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун билдирүүсүн, Ак-Татыр айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 16-майындагы отурумунун №2 протоколун угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы Токтом кылат
1. Айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу долбоорунун алкагында коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенствосу менен Ак-Татыр айыл аймагынын айыл өкмөтү менен түзүлгөн кызматташтык келишими бекитилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовго жүктөлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Турдуевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланган.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: Ысаков С.Б.