АК-ТАТЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
2024-жылдын 17–майы № 23
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын Аксакалдар чайканасын Байчечекей бала бакчасына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 29-беренесин 6-пунктуна ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовдун билдирүүсүн, Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 14-майындагы отурумунун №3 протоколун угуп жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылынын Аксакалдар чайканасына караган имарат жана жерлери, Байчечекей бала бакчасына өткөрүлүп берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Нурмаматовго жүктөлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Турдуевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: Ысаков С.Б.