АК-ТАТЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз Х сессиясы
2024-жылдын 17–майы № 26
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн ЖПБнин жайыт комитетинин
2024-жылга тарифин, бюджетин жана
иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 токтомунун 1-тиркемеси, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндөгү убактылуу жобосуна ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовдун билдирүүсү, Ак-Татыр ЖПБнин жайыт комитетинин 2024-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн бир ШМБ көрсөтүлгөн тарифи,бюджети, жана иш планын, карап жана талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги Х сессиясы Токтом кылат
- Жайыт комитетинин 2024-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн бир ШМБ көрсөтүлгөн тарифи жана ички эрежелери, 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жайыт комитетинин 2024-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша сметасы, 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жайыт комитетинин 2024-жылга түзүлгөн иш планы, 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы К. Нурмаматовго жүктөлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыяланды.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тиркеме; 3 баракта, 4 нускада.
Төрага: Ысаков С.
1-тиркеме
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги Х сессиясынын №26 токтомуна тиркеме
Ак-Татыр айыл аймагынын ЖПБнин 2024-жылга мал башына төлөнүүчү тарифи жана ички эрежелери
1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн жайыттарын эффективдуу пайдаланууда жайлоого чыккан атуулдардын малдарына жайыт төлөмү төмөндөгүдөй бекитилсин.
А) Ири муйуздуу малдарга мезгилге - 150 сом сом
Б) Музоо (бир жашка чейин) мезгилиге - 75 сом
В) Кой эчкилерге айына -8 сом