КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 3-отуруму
2021-жылдын 6-августу №3/11
Коомдук мончолордун, дүкөнчөлөрдүн элге кызмат кылуусун тартипке келтирүү боюнча
Корул айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук мончолордун, дүкөнчөлөрдүн элге кызмат
кылуусун тартипке келтирүү боюнча Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн аймагындагы мончолорду үзгүлтүксүз иштетүү жагы мончо ээлеринен талап кылынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы дүкөндөрдүн айланасын иреттеп, таштандыларды салууга урна орнотуу, тазалоо жагы эскертилсин. Дүкөндөрдө кечки саат 21:00дөн эрте мененки саат 09:00гө чейин спирт ичимдиктери сатылбасын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Корул айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына, жамаатар жана жарандык коом менен иштөө боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы: |
Нажимидин уулу Т |