Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 3-отуруму

2021-жылдын 6-августу №3/16

Корул айыл өкмөтүндөгү мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын сунушу жөнүндө

Корул айыл өкмөтүндөгү мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын сунушу

жөнүндө Корул айылдык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. №29 Советкан Шабырбекова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору А.Кариеванын тамак-аш азык-түлүктөрүнүн кымбаттагандыгы боюнча сунушунун негизинде №29 Советкан Шабырбекова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунда ата-энелердин тамак ашка (бир балага) болгон бир айлык төлөмдөрү 800 (сегиз жүз) сомго көтөрүлсүн.

 

2. №33 Сулайманова Арзикан атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Ф.Салиеванын тамак-аш азык-түлүктөрүнүн кымбаттагандыгы боюнча сунушунун негизинде №33 Сулаймнова Арзикан атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунда ата-энелердин тамак ашка (бир балага) болгон бир айлык төлөмдөрү 750 (жети жүз элүү) сомго көтөрүлсүн

 

3. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарга берилүүчү тамак-аштын сапатын көзөмөлдөө жагы, социалдык маселелер, билим берүү, жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссияга жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Турганбаев Мустафага милдеттендирилсин.

 

Корул айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Нажимидин уулу Т