Редакцияот 23.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

 АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму

2024-жылдын 10-майы  № 5/16

Будалык айыл аймагына жаныдан ФАП курууга 1,0млн акча каражатын карап берүү жөнүндө                   

Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму, айыл өкмөт башчысы Н. Тажибаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктарынын негизинде, Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Будалык айыл аймагына жаныдан ФАП курууга 1,0 (бир) млн сом акча каражаты айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетине түшкөн акча каражаттардын эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Жунусовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага:

А.Самиев