ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Арык айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2018-жылдын 4-декабры № 15/5-8
Жаны-Арык айыл аймагындагы кароосуз турган жер аянттарын жана башка жерлерди муниципалдык менчикке каттоо жөнүндө
Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн Правда айылында жайгашкан № 547 контурундагы жайгашкан 0.30га жер аянтын Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 4 жана 13 беренелеринин талаптарына ылайык Жаны-Арык айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн Правда айылында жайгашкан № 547 контурундагы жайгашкан 0.30га жер аянтын муниципалдык менчикке каттоо сунушталсын.
2. Суралсын Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан. Кара-Суу райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан тийиштүү документтерди даярдап берүү жана каттоо жагы.
3. Ушул токтомдун аткаруу жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Конкошовго, жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы : Айыл ,суу чарба өндүруштү көтөрүү ,кайра иштетүү ишканалар менен иш алып баруу туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жаңы-Арык айылдык кенешинин төрагасы: |
Ж.Осумбеков |