КЫШТУТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
2023-жылдын 7-июлу № 97
Кыштутайыл өкмөтүнүн алдында уюшулган "Таян тазалык - техникалык тейлөө кызматы"муниципалдык ишканасынакредит/лизингке атайын техника сатып алууга макулдук берүү жана Кыштутайылөкмөтүнүн 2023-жылгабекитилгенбюджетинетолуктоолордужанаөзгөртүүлөрдүкиргизүүжөнүндө
Кыштут айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган "Таян тазалык - техникалык тейлөө кызматы" муниципалдык ишканасына кредит/лизингке атайын техника сатып алуу боюнчаКыштут айылдык кенешинин төрагасы А.Сейитмуратовтун, Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эркебаевтин жана "Таян тазалык - техникалык тейлөө кызматы"муниципалдык ишканасынын башчысы У.Мидиновтун баяндамаларын угуп жана талкуулап Кыштут айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
Токтом кылат:
1. “Таян тазалык - техникалык тейлөө кызматы”муниципалдык ишканасына ОАО Айыл Банк Баткен филиалы менен келишим түзүлүп, 5 (беш) жылдык мөөнөт мененкредит/лизингке 135000 АКШ долларына(11923,2 миң сом) экскаватор “Hyundai R140W-9S” маркасындагы атайын техниканы сатып алууга макулдук берилсин.
2. Атайын техниканы сатып алууга өздүк наркынан 30% өлчөмүндө 40500 АКШ долларына (3577,0 миң сом) өздүк салым Кыштут айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Кыштут айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин “Аппараттык башкаруу” бөлүмүнүн чыгаша бөлүгүнө каралган «3112-машиналар жана жабдуулар» статьясынын эсебинен-3988,1 миң сом акча каражаты «3314-ички насыялар» статьясына жылдырылып берилсин.
4. Тиешелүү болгон иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынажүктөлсүн.
6.
Төрага: | А. Сейитмуратов |