КУЛУНДУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 29-сессиясы
2024-жылдын 22–апрели № 29/1
“Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги 17-сессиясынын №17/11-токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 29-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесинин жана №29/1-протоколунун чечиминин 1-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айыл аймагына саламаттыкты сактоо имаратын куруу үчүн Кулунду айыл аймагынын Кулунду айылынын түштүк тарабындагы №158 контурунда жайгашкан 1,10 га “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы сугат айдоо жер тилкесин “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына (трансформациялоого) которууга макулдук берилсин.
2. Кулунду айыл аймагынын Кулунду айылынын түштүк тарабындагы №158 контурундагы 1,10 га жерге саламаттыкты сактоо имаратын куруу боюнча программасы бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Жер, агрардык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А. А. Досов
БЕКИТЕМИН
Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы ______________А.А.Досов «____»_________2024-жыл
Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Кулунду айылынын түштүк тарабындагы №158 контурундагы 1,10 га сугат айдоо жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн түзүлгөн
ПРОГРАММА
Кулунду айыл өкмөтүнүн аймагында чек арадагы айыл өзгөчө статусу бар 6 калктуу конушу жана 3 участка бар. Айыл аймактын адмнистративдик борбору –Кулунду айылы. Туруктуу калктын саны 25077 адам. Жалпы 5224 кожолук бар.Азыркы учурда Кулунду айыл аймагы эле эмес, Мурас, Бешкент, Жаңы-Жер айыл аймактарынын 58571 тургундарынын медициналык муктаждыктарын жоюу, миграцияны токтотуу жана чек арадагы элдерди жумуш менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, Лейлек районунун ылдыйкы аймагындагы калкын тейлеген Кулунду Жалпы Дарыгерлер Практикалык Борбору Тажик Республикасы менен болгон чек арада жайгашкандыктан 2019-2021-2022-жылдардагы чек ара чырында дарылануу бир топ көйгөйлөрдү жаратып келүүдө. Имаратын жаңыдан куруу, бейтапкана ордун коопсуз жерге жылдыруу менен бирге жарандардын ден соолугуна камкөрүү, сапаттуу медицина менен камсыз кылуу, Кулунду айыл өкмөтүнүн инфратүзүмүн жаныртуу менен Кыргыз Республикасына жана Кулунду айыл өкмөтүнүн экономикасына жана социалдык кубатуулугуна да салым болмок.
Ошол себептер менен Кулунду айыл аймагына караштуу Кулунду айылынан түштүк тарабындагы №158 контурундагы 1,10 га сугат айдоо жер аянтына Кулунду Жалпы Дарыгерлер Практикалык Борборунун жаңы имаратын куруу максатында « айыл чарба багытындагы жерлер » категориясынан «Калктуу конуш багытындагы жерлер» категориясына которулууда. Жогоруда өндүрүштүк багытка которулуучу жер айнты бүгүнкү күндүн зарыл болгон талабы жана муктаждыгы. Өндүрүштүк башка багытка которуу менен Кыргыз Республикасынын 20.10.2021- жылдагы No123 «Жергиликтүү мамлекеттик адмнистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27- беренесиндеги Аймактын жашоо-турмушун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштуруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү маанидеги маселелери чечилмек.
Кулунду айыл өкмөтүнүн
жер адиси: А.Маликов