Редакцияот 25.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин IV – чакырылышынын кезексиз отузунчу сессиясы

 

2023-жылдын 25-июлу № 122

Кадамжай шаарынын Кара-Жантак участкасынын Первомайская-1 көчөсүнө Каработоев Алтынбек Джалиловичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө

Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2023-жылдын 29-апрелиндеги 01-03-648 номери менен чыгышталган “Кадамжай шаарынын ичиндеги көчөлөрдүн бирине кыргыз-тажик ортосундагы чыр-чатактан курман болгон Каработоев Алтынбек Джалиловичтин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү”  кайрылуусун жана шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун карап, талкуулап чыгып Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн аппаратынын № 01-18-981 сандуу катын жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 17-пунктуна негиз

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

1. Кадамжай шаарынын Кара-Жантак участкасындагы көчөлөрдүн бирине кыргыз-тажик ортосундагы чыр-чатактан курман болгон Каработоев Алтынбек Джалиловичтин ысымы ыйгарылсын.

2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

3 .Кадамжай райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинен үйлөргө жаңы даректерди киргизүү жагы суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Абдыразаков