КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин IV – чакырылышынын кезексиз отузунчу сессиясы
2023-жылдын 25-июлу № 124
Кадамжай шаардык мэриясынын 2023-жылдын 14-июлундагы 01-06-1086 номериндеги кайрылуусу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун жана Кадамжай шаардык мэриясынын 2023-жылдын 14-июлундагы 01-06-1086 номери менен чыгышталган кайрылуусун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна негиз Кадамжай шаардык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кадамжай шаардык мэриясына Жаңы-Жер участкасынан “Дельта Групп” ЖЧКна 2,0 га жер тилкесине дробилка куруу үчүн жайыт жер категориясынан өнөр жай категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Абдыразаков |