Редакцияот 25.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин IV – чакырылышынын кезексиз отузунчу сессиясы

 

2023-жылдын 25-июлу № 125

Кадамжай шаарынын аймагындагы Кирова-Северная көчөсүнө тротуар куруу  жөнүндө

Кадамжай шаарынын аймагындагы Кирова-Северная көчөсүнө тротуар куруу долбоору түзүлүп, долбоордун сметалык жалпы наркы 4 402 742 (төрт миллион төрт жүз эки миң жети жүз кырк эки) сомду түзүүдө. Шаардык кеңештин шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 6-пунктуна негиз  Кадамжай шаардык кеңеши 

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинен Кирова-Северная көчөсүнө тротуар куруу үчүн өздүк салым катары 1 402 742 (бир миллион төрт жүз эки миң жети жүз кырк эки) сом ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Абдыразаков