Редакцияот 25.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин IV – чакырылышынын кезексиз отузунчу сессиясы

 

2023-жылдын 25-июлу № 127

Кадамжай шаарынын аймагындагы обьектерди оңдоп-түзөө иштерине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2023-жылдын 19-июлундагы 01-06-1108 номериндеги кайрылуусун, шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 3-пунктуна негиз

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Кадамжай шаарынын аймагындагы обьектерди оңдоп-түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттен 4 500 000 (төрт миллион беш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин. (тиркеме 1 бетте тиркелет)

2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

               

Төрага

А.Абдыразаков

 

 

 

 

Кадамжай шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXX № 127-токтомуна тиркеме 25.07.2023-жыл

 

Кадамжай шаарындагы ар кандай иштерди курууга, оңдоп түзөөгө жана калыбына келтирүү жумуштары.

3111-статья

  1. Шаар аймагындагы таштанды таштоочу жайларды оңдоо (Горьная, Орозбекова, Мех-Цех, Кирова, Звездная көчөлөрүнө түзүлгөн смета 614595 сом.
  2. Кадамжай шаарындагы Р.Абдыкадыров көчөсүнө латок орнотууга түзүлгөн смета 119420 сом.
  3. Кадамжай шаарындагы Эрмек-Бий көчөсүнө орнотулуучу латокко түзүлгөн смета 94994 сом.
  4. Звездная көчөсүндөгү эски тротуарды оңдоого түзүлгөн смета 164632 сом.
  5. Садирдин көчөсүндөгү латокторду оңдоо үчүн түзүлгөн смета 628517 сом.
  6. Кадамжай шаарындагы Жийделик участкасынын ички арыктарын бетондоо иштерине 1024164 сом.
  7. Кадамжай шаарындагы Заречная көчөсүнү көрктөндүрүүгө түзүлгөн смета 743443 сом.
  8. Шаар аймагындагы толуп калган латокту тазалоо иштерине (Эрмек-Бий, Металлург, Звездный, Северный) 110235 сом.
  1. Шаар аймагына курулуш материалдарын сатып алуу (цемент, шагыл, сетка мат, арматура) түзүлгөн смета 700000 сом.

 

2222-статья

   

  1. Шаар аймагындагы ар кандай керектелүүчү жумуштарына 300000 сом.

 

Жалпысынан: 4 500 000 сом.

 

Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы                                                     муниципалдык менчик департаментинин директору:                Т.Кулмурзаев

 

Кадамжай шаардык кеңешинин                                                                                         жооптуу катчысы:         А.Эшанкулова