КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин IV – чакырылышынын кезексиз отузунчу сессиясы
2023-жылдын 25-июлу № 128
“Кадамжай Тазалык” муниципалдык ишканасына дотация берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башчысынын шаардагы арыктарды жана суу кетүүчү ички латоктордун абалы жөнүндө маалыматын угуп чыгып, Эрмек-Бий, Металлург, Северный, Звездный көчөлөрүндөгү жаан чачын мезгилинде толуп калган арыктарды жана ички суу кетүүчү латокторду тазалоо максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 5-пунктуна негиз
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кадамжай Тазалык” муниципалдык ишканасына шаардагы арыктарды жана ички суу кетүүчү латокторду тазалоого 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Абдыразаков |