Редакцияот 25.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин IV – чакырылышынын кезексиз отузунчу сессиясы

 

2023-жылдын 25-июлу № 129

“Кадамжай Сууканал” муниципалдык ишканасынын башчысы А.Абдырахмановдун кайрылуусу жөнүндө

Кадамжай шаардык кеңеши “Кадамжай Сууканал” муниципалдык ишканасынын башчысы А.Абдырахмановдун кайрылуусун карап чыгып,  төмөнкүлөрдү белгилейт. 2023-жылдын 16-июлунда “Кадамжай Сууканал” муниципалдык ишканасынын балансында турган Охна суу кампасынан келген чоң диаметрдеги суу түтүгүнүн задвижкасы иштебей калган, белгисиз жарандар жаап койгон. Натыйжада Учкун участкасындагы мыйзамсыз курулган үйдүн астынан суу түтүгү жарылган. Кайрадан суу түтүгүн калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 5-пунктуна негиз

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Суу түтүгүн калыбына келтирүү иштерине сметага ылайык 121 740 (бир жүз жыйырма бир миң жети жүз кырк) сом  акча каражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.  

2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Абдыразаков