Редакцияот 25.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин IV – чакырылышынын кезексиз отузунчу сессиясы

 

2023-жылдын 25-июлу № 130

Кадамжай шаардык мэриясына музыкалык үн күчөткүч аппаратурасын сатып алуу жөнүндө

Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын  кайрылуусун жана шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 18-пунктуна негиз

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Кадамжай шаардык мэриясына музыкалык үн күчөткүч аппаратурасын сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Абдыразаков