Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № 16/1
Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө
«Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата жергиликтүү бюджеттин бекитүү жана бюджетинин долбоорун 2020- 2021-жылдарга болжолу жөнүндө»
Кырыгыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынчы башкаруу», жана «Кыргыз Республиткасынын 2019-жылга карата республикалык бюджетин бекитүү жана бюджеттин долбоорун 2020-2021-жылдарга болжолуу жөнүндө мыйзамдарыны негизинде жана Кыргыз Республикасынын финансы министирлиги тарабынан сунуш кылынган корсоткучторду карап чыгып, Жаңы-Арык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн долбоору 2019-жылга 15 898,3 миң сом, анын ичинен атайын каражаттар 2392,0 миң сом, 2020-жылга жана 2021-жылга бекитилсин.
2. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жайыт жеринин бюджети киреше бөлүгү 230,0миң сомго жана чыгаша бөлүгү 154,0миң сомго бекитилсин.
3. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн аппаратта иштеген кызматкерлеринин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жыл 5-август № 451 Токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги 26, анан ичинен 3 айыл башчылардын штат бирдиги (эмкек акысы жетектөөчү адис коэфциентинде бекитилсин), кенже кызматкерлер 3 штат бирдиги бекитилсин жана ченге карата кошумча төлөөлөр төлөнүп берилсин.
4. бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Арык айылдык Кеңештин төрагасы: |
Ж.Осумбеков |