Редакцияот 06.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 42-отуруму

2024-жылдын 23-январы № 42/1

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетине Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115- беренесине ылайык 2024-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган калдыкты жылдын жыйынтыгы менен сметага киргизүү жөнүндө     

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2024-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган калдыкты жылдын жыйынтыгы менен депутаттардын жана бюджеттик комиссиясынын корутундусунун негизинде сметага киргизилсин.

2.Калган калдыктын расчетторун түзүп, чыгымдалышын аткаруу менен ар бир статьянын жумшалышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башкы эсепчиси С.Карыбековго тапшырылсын.

3.Сметага кошумча киргизүү жана бекитип берүү жагы расчеттун негизинде Алай финансы башкармалыгынан суралсын.

К.Белекбаев атындагы

Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

 

Л.Койчиев