К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 42-отуруму
2024-жылдын 23-январы № 42/3
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планын 2023-жылга аткарылышы 2024-жылга милдеттери 2025-2026-жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө
К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2023-жылдагы аткарылышы жана 2024-жылга милдеттери 2025-2026-жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысы Кулов Анарбектин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2023-жылдагы аткарылгандыгы белгиленсин.
2.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2024-жылга милдеттери жана 2024-2025-жылдарга болжолдуу планы бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн планын ишке ашыруу тиешелүү кызмат адамдарына жана айыл өкмөттүн башчысы Кулов Анарбек Абдырамановичке милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын тескөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жана туруктуу комиссияларынын төрага, төрайымдарына жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |