К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 42-отуруму
2024-жылдын 23-январы № 42/5
Сопу-Коргон жайыт комитетинин 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сопу-Коргон жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Тынчыбек уулу Майрамбектин 2024-жылга жайыт комитетинин бюджетин бекитүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон жайыт комитетинин 2024-жылга карата түзүлгөн бюджети бекитилсин.
2.Бекитилген бюджетти максаттуу пайдалануу аткарылышын камсыз кылуу жагы Сопу-Коргон жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Тынчыбек уулу Майрамбекке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын козөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |