КУЛУНДУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 29-сессиясынын отуруму
2024-жылдын 22-апрели №29/2
“Кулунду айыл аймагынан жер ажыратып берүү жөнүндө”
Кулунду айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 29-сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, №29/1-протоколунун чечиминин 4-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулунду айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 28-сессиясынын отурумунун №28/2 токтому жокко чыгарылсын.
2. Кулунду айыл аймагындагы Кулунду айылынын Ниязматов көчөсүндөгү №12 8-03-07-1001-1905 кодунан 1000,0 чарчы метр жерин Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Кызматынын Баткен облусунун 6-регионалдык башкармалыгынын имаратын курууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Жер, агрардык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А. А. Досов