К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 42-отуруму
2024-жылдын 23-январы № 42/7
К.Белекбаев атындагы Алай айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү материалдары жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү боюнча материалдарынын негизинде карап чыгып, талкуулап К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы тарабынан даярдалган К.Белекбаев атындагы Алай айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо жумуштарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү боюнча материалдары бекетилсин.
2.Ушул токтомду бекитип берүү К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдон суралсын.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |