К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 42-отуруму
2024-жылдын 23-январы № 42/8
Чий-Талаа айылындагы жаңыдан курулуучу балдар бакчасынын тоскоол кылган курулуштарды буздуруу жана курулуш материалдарын натыйжалуу пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чий-Талаа айылындагы жаңыдан курулуучу балдар бакчасына тоскоолдук кылган ар кандай авариялык абалдагы курулуштарды бузуп жок кылуу жана курулуш материалдарын натыйжалуу пайдалануу максатында, К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чий-Талаа айылында балдар бакчасы деп сатып алынган учурдагы авариялык абалга кептелген, жаңы курулушка тоскоолдук кылган имараттарды бузуга уруксат берилсин. Курулуш материалдары актыланып жергиликтүү комиссия менен кайра балдар бакчасынын чарбалык иштерине жумшалсын.
2.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |