К.БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 42-отуруму
2024-жылдын 23-январы № 42/9
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши 14.07.2023-ж кабыл алган №32/1 токтомуна өзгөртүү толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Көлдүк айылындагы Көл участкасына кирүүдөгү тарифти бекитүү жөнүндө токтомго толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көлдүк айылынын Көл участкасына эс алуучулардын кирип чыгуу боюнча макулдашылган төлөмү сырттан келген конокторго (эс алуучуларга) бир адамга 50 сом болуп белгиленсин. Айыл аймагынан кирип чыккандарга төлөм алынбасын.
2.Түшкөн каражат «Көлдүк» жаратылышты коргоо фондунун эсебине төгүлсүн жана кирешенин эсебинен коомдук коопсуздук, жана санитардык эрежелер сакталсын.
3.«Көлдүк» жаратылышты коргоо фонду жөнүндө Жобого ылайык иш алып баруу фонддун жетекчилигине тапшырылсын жана ар бир жарым жылдыкта айылдык кеңешке түшкөн киреше боюнча отчёт берсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жүктөлсүн.
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |