Редакцияот 14/05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-чакырылышынын 4-кезектүү сессиясы

 

2024-жылдын 14-майы №4/9

Казыбек айыл аймагында малчылардын көчүү-конуу графигин бекитүү жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесине ылайык, Казыбек айыл аймагында малчылардын көчүү-колуу графигин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ар бир айыл эли менен болгон жолугушуусунун чечимин угуп жана талкуулап ,   айылдык Кеңеш  токтом кылат:

 

1.  -1-майга чейин айыл-чарба жерлеринен малдын баардык түрү тазалансын.

     - 1-июнга чейин малдын баардык түрү ички жайыттардан алыскы жайыттарга    

        көчүрүлсүн.

     - 25-сентябрга чейин алыскы жайыттан көчүп келүү токтотулсун.

     -  ички жайыттарга айыл аймагынан сырткары мал багууга тыюу салынсын.

Жалпы катталды 20 депутат.

маакул-20

Каршы – жок

Калыс – жок

 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана жайыт пайдалануу тартиби бузулган учурларда укук бузуулар боюнча тартиптик чара көрүү жагы   Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.

Төрага

Э. Бактыгулов