Редакцияот 14.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-чакырылышынын 4-кезектүү сессиясы

 

2024-жылдын 14-майы №4/14

Казыбек айыл аймагынын айылдарынын четиндеги жайыт жерлерин башка максатта пайдаланууга болгон баасын (тарифин) бекитүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесине ылайык, Казыбек айыл аймагынын айылдарынын четиндеги жайыт жерлерин башка максатта пайдаланууга болгон баасын (тарифин) бекитүү жөнүндөайыл өкмөтүнүн кайрылуусун  угуп жана талкуулап ,   айылдык Кеңеш 

токтом кылат:

 

1. Казыбек айыл аймагынын айылдарынын четиндеги жайыт жерлерин башка максатта пайдаланууга болгон баасын (тарифин) 1 сотых жери 10 сом болуп бекитилсин.

Жалпы катталды 20 депутат.

маакул-20

Каршы – жок

Калыс – жок

 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы   Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго, Казыбек-Кара-Коюн муниипалдык ишканасынын жайыт адистери З.Төлөгөновго жана К.Алтыбаевге тапшырылсын.

Төрага

Э. Бактыгулов