Редакцияот 14.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-чакырылышынын 4-кезектүү сессиясы

 

2024-жылдын 14-майы №4/15

Айыл өкмөттүн эсебине 2024-жылга карата “Казыбек-Кара-Коюн” муниципалдык ишкананын акча каражатын пландан кыскартуу жөнүндө.

                                                 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесине ылайык, Айыл өкмөттүн эсебине 2024-жылга карата “Казыбек-Кара-Коюн” муниципалдык ишкананын акча каражатын пландан кыскартуу  тууралуу карап чыгып айылдык Кенеш токтом кылат:                                                 

 

1.2022-жылдын 26-декабрындагы №713 Токтомунун негизинде муниципалдык ишканалардын 2023-жылы эсеп беттери ачылып, түшүүчү каражат казына аркылуу төгүлгөн 2024-жылдын планына бекитилген, бирок бүгүнкү күндө муниципалдык ишканадан түшкөн акча каражат өздөрүнүн счетуна түз түшүүдө, Ошол себептен Казыбек айыл аймагынын айылдык кенешинин 9-чакырылышынын 3-кезектүү сессиясынын №3\4 токтому менен бекитилген пландан Р-70629 бөлүгүнөн 14238900 статьясынан  2220,2 мин сом акча каражаты пландан кыскартылсын.

Жалпы кыскартылуучу сумма:                                        2220,2 мин сом

 

 

2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмү башчысы Т.Исаковго жана башкы бухгалтер Н.Үсөналиевага, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы Т.Стамакуновго тапшырылсын.

Төрага

Э. Бактыгулов