КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезектеги XXVII сессиясы
2024– жылдын 30-январы № 27-1
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2024-жылга иш-планы бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясы күн тартибиндеги, “Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2024-жылга иш - планын бекитүү жөнүндөгү” маселеле карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2024-жылга иш-планы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары И.Мансуровго жана К.Алимовго жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
| Д. Рахманова |
«Бекитемин»
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешин 30.01.2024-жыл XXVII сессиясынын № 27-1 токтому менен бекитилди, төрайым ________________Д.Рахманова
( кол тамгасы )
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин
2024-жылга иш-планы
№ | Иш-пландар | Мөөнө-тү | Жооптуулар |
1 | Айылдык кеңештин 2024-жылга иш-планын долбоорун бекитүү жөнүндө. | I квар-тал | Айылдык кеңештин төрайымы, анын орун басарлары жана депутаттары. |
2 | Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин: “2023-жылдагы киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы”, “2024-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү” жана “2025-2026-жылдарга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомол долбоорун бекитүү” жөнүндө. | I квар-тал | Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясы. |
3 | Туруктуу комиссиялардын 2023-жылдагы ишинин жыйынтыктары жөнүндөгү отчету. | I квар-тал | Туруктуу комиссиялардын төрагалары, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары. |
4 | Айылдык аймактагы айыл чарбасынын иштеринин абалы жөнүндө. | II квар-тал | Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясы. |
5 | Айыл өкмөтүнүн, 2024-жылдын биринчи жарым жылда аткарган иштери жөнүндө жана экинчи жарым жылга милдеттери отчету. | III квар-тал | Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясы. |
6 | Айылдык аймакта 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана калктын күз-кыш мезгилдерине даярдыктары жөнүндө | IV квар-тал | Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин бюджет жана социалдык маселелер, боюнча туруктуу комиссиялары. |
Уюштуруу практикалык иш-чаралар | |||
1 | Айылдык кеңештин депутаттарынын, туруктуу комиссияларынын окууларын уюштуруу. | Жыл ичинде | Айылдык кеңештин төрайымы, анын орун басарлары. |
2 | Айылдык кеңештин сессияларында берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчеттору. | Ар дайым | Айылдык кеңештин төрайымы, анын орун басарлары, туруктуу комиссиялардын төрагалары. |
3 | Айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулары менен жолугушуусу | Жыл ичинде | Айылдык кеңештин депутаттары. |
4 | Туруктуу комиссиялардын отурумдарын өткөрүү. | Ай сайын | Айылдык кеңештин төрайымынын орун басарлары, айылдык кеңештин туруктуу комиссялары. |
5 | Айыл аймагынын тургундарынын айылдык кеңешке кайрылган кайрылууларынын аткарылышын көзөмөлдөө. | Ар дайым | Айылдык кеңештин төрайымы, орун басарлары жана жооптуу катчысы |
6 | КРнын Президентинин, ЖКнын жана Министрлер кабинетини Мыйзамдарын турмушка ашыруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү. | Ар дайым | Айылдык кеңештин төрайымы, орун басарлары жана айылдык кеңештин депутаттары. |
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин
төрайымынын орун басарлары: К.Алимов
И.Мансуров