КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезектеги XXVII сессиясы
2024– жылдын 30-январы № 27-2
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин: 2023-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2024-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү, 2025-2026-жылдарга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомол долбоорун бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясы, күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин: 2023-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2024-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү, 2025-2026-жылдарга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомол долбоорун бекитүү жөнүндөгү” маселелер боюнча, айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 25-январындагы отурумунун протоколун карап, талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) 28.01. 2023-жылдагы кезектеги XVII сессиясынын № 17-2 токтому менен бекитилген Кызыл-Кыштак айыл өкмүтүнүн бюджетинин 2023-жылга киреше бөлүгү - 51 473,4 миң сомго, чыгаша бөлүгү - 51 473,4 миң сомго, 2023-жыл ичинде такталган киреше бөлүгү - 105 553,8 миң сом, аткарылышы - 109 132,5 миң сомго, же - 103,4 % аткарылган, ал эми бюджеттин такталган чыгаша бөлүгү - 105 553,8 миң сом болуп, аткарылышы - 95 703,5 миң сом, же - 90,7 % аткарылгадыгы белгиленсин.
2. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылга киреше бөлүгү - 68 368,0 миң сомго жана чыгаша бөлүгү - 68 368,0 миң сомго бекитилсин. Мындан: 9 060,0 миң сом атайын каражат эсебинен.
3. Айыл өкмүтүнүн резервдик фондуна - 587,0 миң сом ажыратылсын.
4. Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин “финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын” чечиминин негизинде, жыл ичиндеги бюджетти аткаруу мезгилинде келип чыккан зарыл болгон финансы-экономикалык маселелерди чечүүдө, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинде каралган нормалардын чегинде, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
5. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2024-жылкы кызматкелеринин типтүү түзүмү жана штаттык саны, Кыргыз Республикасынын Президентинин 01.08. 2022-жылдагы № 266 - Жарлыгынын негизинде 41 кызмат орду болуп бекитилсин. Мындан: 5 штат АКС (ВУС) инспекторлору, 6 штат айыл башчылар, 4 штат кенже тейлөөчү кызматкерлер (МОП), 6 штат маданият тармагындагы кызматкерлер жана 2 штат айылдык кеңештин төрайымы жана жооптуу катчысы.
6. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин божомол долбоору: 2025-жылга киреше бөлүгү - 72 548,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү - 72 548,0 миң сомго жана 2026-жылга киреше бөлүгү - 77 291,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү - 77 291,0 миң сом миң сомго бекитилсин.
7. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнөн жүктөлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
| Д. Рахманова |