КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезектеги XXVII сессиясы
2024– жылдын 30-январы № 27-3
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоо программасына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясы күн тартибиндеги: “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоо программасына толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” маселе боюнча, айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясынын 25.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколун карап, талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) 01.03.2022-жылдагы кезексиз X сессиясынын, “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун бекитүү жөнүндөгү № 10-2 токтомундагы: “2022-2026-жылдары аткрыла турган иштердин планына“ төмөнкүдөй толуктоо киригизилсин:
№ | Аткарылуучу иштер, же долбоорлор
| Аткар-уунун бол-жолдуу убакты | Аткарууга кимдер катышат | ||||
Эл | Айыл өкмө-тү | Жер- гилик-түү уюм- дар | Дон-ор-дук уюм- дар | Баш- ка уюм- дар | |||
23 | Кызыл-Кыштак айыл аймагынан таштандыларды ташып чыгууга жана калкты таза суу менен камсыздоо максатында айтайын автоунааларды сатып алуу | 2024- жыл |
|
|
| + | + |
24 | Коммунист айылындагы № 25 - Т.Омурзаков атындагы мектепке ажаткана жана саркынды сууларга септик куруу. | 2024- жыл |
|
|
| + | + |
25 | Ишкаван айылындагы № 117-К.Маткеримов атындагы мектепке техникалык жабдууларды сатып алуу | 2024- жыл |
|
|
| + | + |
26
| Керме-Тоо айлындагы “Керме-Тоо” мектепке чейинки билим берүү мекемесине эмеректерди жана техникалык жабдууларды сатып алуу | 2024- жыл |
|
|
| + | + |
2. Бул токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
| Д. Рахманова |