КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезектеги XXVII сессиясы
2024– жылдын 30-январы № 27-9
Ишкаван айылынын башкы планындагы “магазин жана даарыканага” каралган жер тилкесин ордуларын өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясы күн тартибиндеги: Айыл өкмөтүнүн, 09.11.2023-жылдагы, “Ишкаван айылынын № 1622 контурундагы башкы планындагы “магазин жана даарыканага” көрсөтүлгөн жерге Т.А.Жолдубаевага 350,0 чарчы метр жер аянтына токтом чыгарылган. Бирок, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 14.09.2017-жылдагы № 64-токтомунун, Кара-Суу райондук администрациясынын 18.12.1996-жылдагы № 576 токтомунун негизинде “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалы тарабынан сериясы Б № 031630 мамлекеттик акты берилген. (идетификациялык коду 5-04-08-1005-1200, 18.10.2018-жылы № 45419 катталган) Ушул аталган 200,0 чарчы метр жер тилкесин башкы планда көрсөтүлгөн “даарыкананын” ордуна жылдырууга чечим чыгарып берүүнү суранган”, чыгыш № 1458- сандуу каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколун карап, талкуулап токтом кылат:
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын), “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколу бекитилип:
1. Кызыл-Кыштак айылдык аймактын Ишкаван айылынындагы № 1622 контурунун башкы планындагы “магазин жана даарыканага” көрсөтүлгөн жер тилкесинен, сериясы Б № 031630, идентификациялык коду 5-04-08-1005-1200 мамлекеттик акттагы 200,0 чарчы метр жер тилкесинин ордун өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин, “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
| Д. Рахманова |