Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)

кезектеги XXVII сессиясы

 

2024– жылдын 30-январы № 27-14

 

Аныкталган жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө

            Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясы күн тартибиндеги: Айыл өкмөтүнүн, 29.01.2024-жылдагы, “Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 24.01.2024-жылдагы, чыгыш №02/270-сандуу катынын негизинде, Сүрөттүү-Таш айылынын М.Абдазимов көчөсүндөгү 500,0 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчикке алып берүүнү суранган”, чыгыш № 175 - каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколун карап, талкуулап токтом кылат:

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын), “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколу бекитилип:

1. Кызыл-Кыштак айылдык аймактын Сүрөттүү-Таш участкасындагы М.Абдазимов көчөсүндөгү 500,0 чарчы метр жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

2. Бул токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин,“жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымы:

 

Д. Рахманова