КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезектеги XXVII сессиясы
2024– жылдын 30-январы № 27-15
Аныкталган жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясы күн тартибиндеги: Айыл өкмөтүнүн 29.01.2024-жылдагы, “Андижан айылындагы Курманжан датка көчөсүнүн № 648/1 - үйүнүн жанындыгы 400,0 чарчы метр жер тилкесин жана Жаңы-Турмуш айылындагы “Достук” өткөрмө пункутунун жанындагы “МПА” май куючу станциянын алдындагы 250,0 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчикке алып берүүнү суранган”, чыгыш № 176-сандуу каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколун карап, талкуулап токтом кылат:
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын), “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколу бекитилип:
1. Андижан айылынын Курманжан датка көчөсүндөгү № 648/1- үйдүн жанындыгы 400,0 чарчы метр жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Жаңы-Турмуш айылындагы “Достук” өткөрмө пункутунун жанындагы “МПА” май куючу станциянын алдындагы 250,0 чарчы метр жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
3. Бул токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин,“жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
| Д. Рахманова |