Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)

кезектеги XXVII сессиясы

 

2024– жылдын 30-январы № 27-16

 

Аныкталган жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө

            Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясы күн тартибиндеги: Айыл өкмөтүнүн, 29.01.2024-жылдагы, “Жаңы-Турмуш айылындагы А.Кулигов көчөсүндөгү “Аль-Худа” мечитинин жанындагы 75,0 чарчы метр жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алып жана ушул жер тилкесин “Аль-Худа” мечитинин территориясына кошуп берүүнү суранган”, чыгыш № 177-сандуу каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколун карап, талкуулап токтом кылат:

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын), “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколу бекитилип:

1. Жаңы-Турмуш айылындагы А.Кулигов көчөсүндөгү “Аль-Худа” мечитинин жанындагы 75,0 чарчы метр жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынып, “Аль-Худа” мечитинин территориясына кошуп берилсин.

2. Бул токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин , “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кызыл-Кыштак айылдык

кеңешинин төрайымы:

 

Д. Рахманова