КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын)
кезектеги XXVII сессиясы
2024– жылдын 30-январы № 27-17
Аныкталган жер тилкесин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XXVII сессиясы күн тартибиндеги: Айыл өкмөтүнүн 29.01.2024-жылдагы, “Кызыл-Кыштак айылынын А.Навои көчөсүндөгү тандыр жасоочу жайда жайгашкан 300,0 чарчы метр жер тилкесин, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алып, “Маргилан дарбаза” мечитинин территориясына кошуп берүүнү суранган”, чыгыш № 179 - сандуу каты боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколун карап, талкуулап токтом кылат:
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын), “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 29.01.2024-жылдагы отурумунун № 1-протоколу бекитилип:
1.“Кызыл-Кыштак айылынын А.Навои көчөсүндөгү тандыр жасоочу жайдагы 300,0 чарчы метр жер тилкеси, айыл өкмөтүнун муниципалдык менчигине алынып, “Маргилан дарбаза” мечитинин территориясына кошуп берилсин.
2. Бул токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин , “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
| Д. Рахманова |