КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-чакырылышынын 4-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 22-апрели №4/1
Бириктирилген Казыбек айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын администрациялык -аймактык түзүлүшү тууралуу мыйзамынын 12-беренесине ылайык Казыбек айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Казыбек, Кара-Коюн айыл аймактарын бириктирип, Кызыл-Туу айылын административдик борбор деп аныктоо менен Казыбек айыл аймагы түзүлгөндүгү белгиленсин.
2.Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары ,кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Казыбек айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып жана талкуулап бириктирилген Казыбек айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
3.Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына даярдап берүүжагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин,расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин орун басары | Ф. Токушева |