Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Сары-Булак айыл кеңеши

ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз X-сессиясы

2024-жылдын 19-апрели № 10/61

Бириктирилген Сары-Булак айыл аймагынын чек арасын аныктоо жөнүндө

Нарын облусунун Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Сары-Булак айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Сары-Булак жана Соң-Көл айыл аймактарын бириктирип, Сары-Булак  айылын административдик борбор деп аныктоо менен Сары-Булак айыл аймагы түзүлгөндүгү белгиленсин.

2.    БириктирилгенСары-Булакайыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

3.    Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте Кочкор райондук мамлекеттик администрацияга даярдап берүү жагы айыл өкмөт башчысы М. Асанбаевге милдеттендирилсин.

Төрага:

А. Дүйшөнбек уулу