Редакцияот 14.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма үчүнчү отуруму

2024-жылдын 12-январы  № 3

Жекенди айылдык аймагынын китепканалардын 2023-жылдагы аткарып жаткан иштерин кароо жөнүндө       

Жекенди айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жекенди айылдык аймагындагы китепканалардын аткарып жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Жекенди айылдык аймагындагы китепканалардын иштерин мындан ары жандандыруу жагы китепканачылар А.Илязовага, А.Курбанбаевага, А.Абуллаевге, С.Садыкбаевага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук жана жаштардын иштери боюнча комиссиясынын төрайымы Султанова Жайнага тапшырылсын.

 

Төрага

А.Абдукалилов